Майрамда жарык өчпөйт
Новость internet

Май айындагы майрамдардын учурунда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында “Түндүк электр” ишканасында жооптуу кызматкерлердин күзөтү уюштурулуп, атайын техника даярдалды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди. 

Жарык өчүп калган шартта аны калыбына келтире турган керектүү техника жабдыктары менен кошо даярдалды. Ошондой эле, өрт коопсуздугун алдын алуу жана энергетикалык объектилердин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 

Бийик тоолордогу радиотолкундарды таркатуучу станцияларды, байланыш, телевидение, радиоберүү мекемелерин жана майрамды уюштуруу иш-чараларына катышуучу объектилерди электр энергиясы менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. 

Бишкек шаарында “Түндүк электр” ААКнын Чыгыш жана Батыш райондук электр тармактарынын кызматкерлери “Ала-Тоо” жана “Жеңиш” аянтчаларын камсыздаган трансформаторлорго кезексиз текшерүү жүргүзүүдө.