Балыкчы-Корумду авто жолунун курулушун бүткөрүүгө өкмөт кошумча каражат булактарын издеп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Соорнбай Жээнбеков бүгүн парламенттеги отчету учурунда айтып, мындай маселени азыр Президент Алмазбек Атамбаев да карап жатканын билдирди.
Өкмөттүн отчетун буга чейин 9 профилдик комитет карап, жалпы жыйынга чыгарган. Бирок суроолор дале көп. Премьер-министр алгач социалдык-экономикалык абалга токтолуп, өткөн жылы өкмөттүн негизги максаты- экономикалык көрсөткүчтөрдү бир калыпта кармап туруу болгон. Өсүүлөр- ИДПнын көлөмү Кумтөрдү эске албаганда 4,5 пайызды, айыл чарбада өндүрүштүн көлөмү 6,2%, курулушта да 6,2%, тейлөө тармактарында 3,7 пайызды түзгөн. Ал эми өнөр-жай продукцияларын өндүрүү -4,4 пайызга төмөндөгөн деди. Айлык маяна менен пенсиянын көлөмү тууралуу да айтылды.
Айлык маяна көбөйдү. Пенсияга 5 млрддан ашык төлөндү. Буд 2014кө караганда көп. POST1RIGHT
Ошондой эле отчетко малды идентификациялоо, ЕАЭСтин алкагында аткарылган иштер, билим берүү, энергетика тармагынан тартып, күч түзүмдөрүндөгү реформаларга чейин камтылган. Эл өкүлдөрү ипотекалык насыялоонун талаптары кайра карап чыгуу маселесин көтөрүштү.
Евгения Строкова, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы:
"Мисалы мугалимдер 8 миң сомдун тегерегинде айлык акы алышат. Мындай киреше менен алар ипотекалык насыялоонун талаптарын аткара албай калышы мүмкүн. Анткени кардар бир турак-жай ала турган болсо, үйдүн жалпы суммасынын 30 пайызын алгачкы салым катары, андан кийин ай сайын 15 миң сомдон төлөшү керек экен. Буга байланыштуу мен сиздерден ипотекалык насыялоонун шарттарын кайра карап чыксаңар деп суранат элем".
Коопсуз шаар долбоору да көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Бул маселеде өкмөт башчыны саясий чечим кабыл алууга түртүп жаткандар бар экен.
Жээнбеков, премьер-министр:
"Бул маселе көптөн бери талаш болуп келатат, саясий чечим кабыл алып кое беребиз. Бирок эртен сот боло турган болсо мунун баары жокко чыгып калат. Ошон үчүн сотту күтүшүбүз керек".
Дагы бир ири долбоор Балыкчы-Корумду авто жолунун курулушу. Бул маселе учурда көптөрдүн бүйүрүн кызытып, талаш кандай чечилет деп күтүп жаткан чактары.
Жалпы 50дөн ашык депутаттар суроо берүүгө кезекке турушкан. Өкмөт башчы жаңы шайлангандыктан, отчетто негизинен өткөн жылда аткарылган иштерге караганда, министрлер кабинетинин алдыдагы пландары тууралуу көбүрөөк сөз болду.