Бишкек жылуулук электр борборунун модеринизациялоо иши өз мөөнөтүндө аткарылып жатат. Ошондой эле борбор калаадагы кабелдик электр чубалгылар жана трансформаторлор алмаштырылууда. Бул тармакта эмгектенгендер мындай аракеттер кышкысын өчүрүүлөрдү бир кыйла азайтат дешүүдө.
Бишкек жылуулук электр борборунда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Учурда жылуулук электр борборундагы эски жабдыктарды демонтаждоо иши толугу менен аяктап, жаңы жабдыктарды орнотуу иши башталды. Жылуулук электр борборунунун директору Андрей Воропаев модеринизациялоо иши өз мөөнөтүндө аткарылып жаткандыгын кабарлайт.
«Демонтаж ишинин 2-этабы толугу менен бүттү. Жаңы түтүктөрдү орнотуу 97 пайызга аткарылды. Азыр фундаметтер куюлуп жабдыктарды орнотуу иши башталды. Жакынкы аралыкта алып келинген жабдыктар коюула баштайт. Курулуш ишин мойнуна алган кытай компаниясы тиешелүү талаптар менен мерчелген убакта калбай аткарууда».
Жалпы 386 млн доллар болгон реконструкция долбоорун Кытайлык компания ишке ашырууда. Учурда 30 млн доллардан ашык акча каражатына жаңы жабдыктар алынып келинди. Андан сырткары жаңы трансформаторлор орнотулган. Аткарылып жаткан иштер менен калаа башчы Албек Ибраимов жеринен таанышты. Мэрдин айтымында быйылкы кышта электр тогу менен ысык суу үзгүлтүксүз берилет.
Мэр ошондой эле шаардык электр тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда электр жоготууларын азайтуу максатында 300 чакырымдан ашык кабелдик чубалгылар жаңыланды. Андан сырткары трансформаторлор оңдоо жана алмаштыруу иштери жүрүүдө. Түндүк электро ачык акционердик коомунун техникалык директору Темиркул Дайыров авариялык өчүрүүлөр 30 пайызга азайгандыгын айтат.
Анда ошондой эле калаа башчыга бул тармакта эмгектенгендер жетишсиздиктерин жана көйгөйлөр айтышып, биргеликте аракет көрүү зарылчылыгы белгиленбей койгон жок.