Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Тышкы иштер министрлигиндеги чуулгандуу иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия түздү. Ага комитеттин курамындагы беш фракциядан бирден депутат кирди.
Комиссия мүчөлөрү кыргыз дипломаттары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кеткен маалыматтарды иликтешет. Алардын жүрүм-турумдарындагы айрым бир аракеттери эрежеге дал келген-келбегенине баа беришет.
Тышкы иштер министрлиги, Дипломатия тармагынын кызматкерлери эң оболу Кыргызстанды чет жактарда көрсөткөн өкүл болгондуктан кылдаттыкты бекем кармашы зарылдыгын серепчилер белгилешет.