2010-жылдагы июнь окуясына тиешеси бар деп өмүрүнүн акырына чейин кесилген Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку сот кайра карашы мүмкүн. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 41-бөлүмүнө ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, Жогорку Сот аны кайра териштирип көрөт. Мындай маалыматты Жогорку Соттон маалымдашты.
21-апрелде Бирииккен улуттар уюмунун Адам укугун коргоо боюнча комитетинин баяндамасы жарыяланды. Анда Аскаров мыйзамсыз камалып, шарты жок абакта кармалып турат, -деген жүйөөну бетине кармоо менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровго тагылган айыптарды жокко чыгарууга Кыргызстанды чакырган эле. Бирок ошол эле учурда талдоочулар Аскаровдун актыгын көрсөтө турган далилдер жок, -дейт. Анткени Аскаровдун ишин караган сот тутумунун бардык инстанциясы аны күнөөлү деп тапкан.
“Эми Аскаровдун күнөөсү жок экендигин айкын көрсөтүп берген ынанымдуу далилдер келтирилбептир. Бул адамдын айыбы кандай экенин тергөө амалдары менен сот далилдеп туруп чечим чыгарган да. Негизи тир укмуштай кылмышты ишке ашырган адамдын акыбалын - бейкүнөө тагдыр катары көрсөтүп, акырындап жагдайды ырбатып, ушул аймакта туруксуздук алып келүүнү көздөгөн күчтөр турушу мүмкүн", - деп Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев билдирди.
Эскерте кетсек, Аскаров улуттар аралык араздашууга от жаккан деген айып тагылып, 2011-жылы соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Ошондой эле тополоң учурунда Бишкек-Ош жолун жабууну уюштургандардын башында турганы да айтылууда. 2010-жылдагы июнь окуясында чогулган элди тынчтыкка чакыруу максатында барган милиция кызматкерлери сабалып, алардын бири Сулайманов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Мына ошол окуяга байланыштуу дагы сот Аскаровду күнөөлү деп тапкан.
Кырсык тууралуу айта кетсек Базар-Коргон аймагында Ош-Бишкек трассасы жабылып, барикадалар орнотулган. Куралсыз милиция кызматкерлери жолду сүйлөшүү жолу менен ачтыруу максатында ушул жерге келишет. Бирок жаалданган топ ага жол берген эмес.
Алдын-ала даярданган топтун жаадырган ташына туруштук бере албай качууга аргасыз болгон милиционерлердин көпчүлүгү оор жаракат алган. 41 жаштагы капитан Мыктыбек Сулайманов качууга үлгүрбөй калган.
Тартип сакчылары ушул окуяда аларды өлтүргүлө деп үндөп жүргөн Азимжан Аскаровду көргөнүн тастыкташат.