Адилет Азимов ”Урал Моңо” эл аралык фестивалына барат
Новость

Көптөгөн фестивалдын катышуучусу, лауреаты Адилет Азимов 26-28-майда Башкортастандын борбору Уфада боло турчу ”Урал  Моңо” эл аралык  фестивалына даярданып атканын билдирди. 

Аталган фестивалдын негизги максаты, түрк тилдүү өлкөлөрдүн, 18 жаштан 35 жаш аралыгындагы жаш таланттарынын  башын профессионалдуу сахнада бириктирүү. Ырчы, сынакка бир улуттук өң-түсү менен фольклор  жанрында элдик ыр даярдалышы керек  экенин, азыркы учурда ага ылайык улуттук калоритте костюм да даярдап атканын белгиледи. 

”Экинчисинде, эстрадалык жанрда, эркин форматта ал бөлүмүнө да даярдык кызуу жүрүүдө”-дейт ырчы. “Эл аралык фестивалдардан сырткары, улуу-эже агайларыбыз менен иштешип,тажрыйба алуу иштери жакшы жүрүп жатат.

Жакында эле Гульнур Сатылганова эже менен “Болсочу” аттуу дуэт жаздырып калың элге сундук, клипке идеялар менен бөлүшүп, клипти да мыкты деңгээлде  жаратуу үчүн тыгыз  кызматташуудабыз”- деп бөлүштү.