Өкмөт курамында үч министр алмашты
Новость internet

Парламентте өз программасы менен тааныштырган учурунда Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен өкмөттүн курамында үч адам алмашты. 

POST1RIGHT

Жаңы курамда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы болуп иштеп жаткан Мухамметкалый Абылгазиев, ал эми транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Зарылбек Айдаров сунушталды. 

Андан тышкары өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев көрсөтүлдү. Калган министрлер эч өзгөрүүсүз мурдагы кызмат орундарында иштей беришет.