ЕАЭБке кошулбаганда Кыргызстанда пикеттер көп болмок
Новость

Кыргызстан өз убагында  Евразиялык экономикалык биримдикке кошулбай калганда, 2016-жыл жалаң митинг-пикеттер менен коштолмок. Бул тууралуу өлкөнүн экономикалык абалына  саресеп салган  талдоочулардын талкуусунда айтылды. Жергиликтүү серепчилер дагы өлкө биримдикке кошулуу  менен экономикалык абал дароо жакшы болуп кетет-дегенден  алыс. Акырындык менен бардыгы  жолго коюлат –дешет алар.

Кыргызстан жарым жылдан ашуун убакыттан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин эрежелери менен жашап келет. Муну  менен өлкө дүйнөлүк каатчылыктын таасирин азайтууга жана  ишкерлер менен мигранттарга жакшы шарттарды түзүүгө жетүү аракетин улантууда. Ошондой эле экономиканын өсүшүнө жагымдуу жагдай түзүп алды-десек болот. Анткени Кыргызстан  биримдикке кирбегенде абал мындан дагы оор болуп, чек араларда бажы бекеттери болмок.Ошондо биз Кытай же  Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан менен мамиле курууга аргасыз болмокпуз-дешет талдоочулар. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин баамында, өлкө биримдикке кирбей калганда  2016-жыл митинг-пикеттердин жылы болмок.

Экономикалык абалга саресеп салган айрым талдоочулар  биримдиктин өлкө  экономикасына тийгизип жаткан таасири тууралуу сөз кылышты.Талкууга катышкан Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү, министр Данил Ибраев, бир катар жеңилдиктердин катарында  экономикалык жактан  соода-сатык жүргүзүүдө бажы бекеттеринен өтүү жана биздин товарларды каттоо жол-жобосунун жеңилдешин атады. Жалпысынан караганда  Евразиялык экономикалык биримдик жеңилдиктерге  жол ачкан.

Данил Ибраев, биримдик аймагында  темир, автомабил, электр энергия, газ жана мунай боюнча долбоорлорду түзүү жаатында  иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Ошентип,  Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына киргенден бери иш акырындык менен жолго коюлуп, өлкө  башкалардай эле дүйнөлүк каатчылыктын кесепетин дагы тартууда. Бирок Өкмөт башчы Темир Сариевдин билдирүүсү боюнча, 2015-жылы Кыргызстандын экономиканын өсүү деңгээли  уюмга кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды  түзгөн.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу көп убакытты алганы менен чындыгында азыр абал андай деле оор эмес-дешет талдоочулар. Анткеги экономикалык кызыкчылыктар аябай көп талкууланды, ага  олуттуу себептер дагы болгон. Кыргызстан уюмга өзгөчө жеңилдиктер менен кирүүсүн эч ким каалаган эмес. Бул жерде, президенттин  эмгеги  белгиленип келет. Өлкө экономикасын  туңгуюктан чыгаруу үчүн Алмазбек Атамбаев Путин жана Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алаканы жакшы жолго салып кетти-дешет экономистер.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”