Япониянын Хонсю аралында күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө катталды. Өлкөнүн метоео кызматынын маалыматына ылайык силкинүү бүгүн, Бишкек убактысы боюнчасаат 8:39 болуп өткөн. Азырынча анын келтирген чыгымы, жабыркагандар тууралуу билдирүүлөр жок. “Киодо” агенттиги жер силкинүүдөн айрым станцияларда поезддердин каттамы убактылуу токтоп, кайра жанданганын кабарлады.