Кечээ күнү саат 21:30 чамаларында Кыргызстандын аймагында зилзала катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти.
Зилзаланын очогу Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан батышты карай 13 чакырымда, Сары-Таш айылынан түштүк-батышка карай 25 чакырымда орун алды. Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 2-2,5 балл болгон. Зилзаладан кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.