Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мурда такталбаган 519,9 километр чек ара сызыгы аныкталып, тараптар бир пикирге келишти. Тактап айтканда бул чек ара тилкеси боюнча келишпестиктер болбойт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев КТРКга билдирди.
POST1RIGHT MEDIA1LEFT
Анын айтымында бул аракет эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын он төрт жылдан берки ишинин жыйынтыгы.
Карашев эки өлкөнүн мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмондун 2013-жылы жолугуп, чек араларды тактоо жаатындагы ишти жандыруу боюнча сүйлөшүүлөрү жакшы натыйжа бергенин белгиледи.
Апрель айынын экинчи жарымында өкмөттөр аралык комиссия жолугуп, такталбаган калган чек ара сызыгын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр уланат.
Кошумчалай кетсек 29-март күнү чек ара маселесин тийиштүү комитет карап, келишимдин долбоорун жабык талкуулап, колдоп берген.