Кырчын: Көчмөндөр оюнуна даярдык
Новость KTRK/videograp

Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө карата Кырчын жайлоосунда 800 киши иш алып барат. Бул тууралуу тарых жана маданият жылын өткөрүү дирекциясы кабарлады. 

POST1RIGHT

Көчмө жыйын уюштурулуп, анда жетекчилер жана режиссерлор ортосунда көчмөндөр айылын жайгаштыруу тууралуу талкуу болду. 


Көчмөндөр оюнуна карата фольклордук жана этнографиялык, музыкалалык топтор тартылып, ошондой эле кол өнөрчүлөр менен малчылар маданий иш-чараларга катышат. 

3-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтө турган 2-Көчмөндөр оюну Кырчын жайлоосунда болот. Анда улуттук спорттун 26 түрү көрсөтүлмөкчү.