Бишкекте журналист Улан Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага кесиптештери, саясатчылар, шаардыктар келип, журналисттин сүрөтүнө гүл коюшуп, китепчеге эскерүү кол жазмаларын калтырышты. POST1RIGHT
Митинг реквиемге экс-президент Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышты. Журналисттин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков көңүл айтты.
"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган. Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеген.
Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрдүн орду айрым жерде тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Курч материалдарды жасаган Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен күтүүсүздөн көз жумду. Ал жасаган акыркы көрсөтүүсү жер маселесиндеги коррупцияга байланыштуу болуп, эфирге 19-июлда чыккан.