Чек арага кошумча күч тартылып, аскер техникалары менен толукталды
Новость KTRK/videograp

19-мартта  Өзбекстандын чек арачылары кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги такталбаган жерлерге техникасы менен кирип келишти. Алар жол жээгине блок-постторду орнотуп, жолдон каттаган кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрө баштаган. Талашка түшкөн жер тилкесинин аянты 38 гектарды түзөт. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Президент Мамлекеттик чек ара кызматына чек ара бөлүкчөлөрүнүн аскерий күжүрмөндүгүн андан ары арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

POST1RIGHT MEDIA1LEFT

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине Кербен-Ала-Бука жолундагы Өзбек чек арачылары коюп алган блокпостту тез аранын ичинде алууну талап кылган нота жиберди. Ошондой эле өзбек тарап эл аралык укук нормаларын урматтоо менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда, 1996-жылдын 24-декабрында кол коюшулган түбөлүк достук тууралуу келишимге маани бериши керектиги баса белгиленди.

Бул арада Кыргызстан Өзбекстан менен чектеш аймакка чек араны кайтаруу жана аймактагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кошумча күч тартылды. Маалыматтарга караганда, кечээ эртең менен атайын даярдыктагы 200дөй аскер кызматкери жана ушунча сандагы эле техника жөнөтүлдү.