Бүгүн газды төлөбөгөндөргө карата рейд жүргүзүлдү
Новость KTRK/videograp

Март айына алынган эсептөө боюнча “Бишкекгазга” болгон абоненттердин дебитордук карызы 4 млн 500 миң сомду түздү. Бул туурасында “Бишикекгаз” филиалынын директору Шатман Борбоев билдирет. Бүгүн карыздарды өндүрүү боюнча аталган ишкананын кызматкерлери атайын рейдге чыкты. 

POST1RIGHT

Текшерүү Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондорунун аймагында өтүп, газчылар негизинен ири өлчөмдөгү карызы бар жана көгүлтүр отту уурдап пайдаланганга көнүп алган жеке турак үйлөрдү кыдырышты. Айрымдар текшерүүчүлөрдү үйүнө киргизбей коюшту. Дарбазаларын ачпай жашынгандар менен орой мамиле кылгандары да болду. 

Текшерүүчүлөрдүн айтымында, бул өңдүү абоненттерге эки жолку эскертүү берилет. Ага карабай карыздарын төлөбөсө сот аркылуу чечишүүгө туура келет. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпысынан 170 миң абонент күн сайын көгүлтүр отун колдонуп келет.