Бала мээримден ажырабасын
Новость KTRK/videograp

Даун синдрому менен жабыркаган адамдардын эл аралык күнүнө арналган акция Бишкекте дагы уюштурулат. «Солнце в ладошках» деген аталыштагы иш-чара 19-мартта болот. Бул тууралуу даун синдрому менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Луч добра» - деп аталган уюмунунан билдиришти. 

Анда айтылгандай, акциянын алкагында даун синдрому менен жабыркаган балдардын,орус драма театрынын жана бий ансамблдеринин катышуусундагы концерти уюштурулат. 

Ошондой эле, балдардын эмгектеринен турган фотокөргөзмө жарманке болот. Даун синдрому менен жабыркагандардын Эл аралык күнү жылда 21-мартта белгиленет.