Быйылкы жылы кургачылык болоору күтүлөт. Кыргызгидромет агенттиги таркаткан маалымат боюнча, быйыл Кыргызстандыктар суу тартыштыгына кептелиши ыктымал. Анда айтылгандай, гидрометеорология кызматы 2016-жылдын сугат маалындагы болжолдуу суунун көлөмүн эсептеп чыкты.
Бул жылы тоолорго түшкөн кар нормадан аз топтолду, ошондуктан быйылкы жыл кургак болушу мүмкүн. Бирок, бул болжолдуу гана маалыматтар, марттын аягына чейин тик учак менен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кардын запасына байкоо жасалат. 1-апрелден 7-апрелге чейин так божомол берилет. Анткен менен жыл кургак болот деп айтууга негиз бар.
Себеби, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына агып келе турган суунун агымы жылдагыдан азыраак болот, деп айтылат кыргызгидромет агенттигинин маалыматында. Мындай божомол өлкөнүн баардык аймактарына тиешелүү.