Атаандаштык күчөсө энергетика оңолот
Новость internet

Кыргызстандын энергетика тармагын жеке компаниялардын ортосунда катуу атаандаштыкты түзүү аркылуу өнүктүрүү демилгеленүүдө. Буга багытталган мыйзам долбоорун бүгүн парламент депутаттары коомдук талкууга алып чыгышты.

Мыйзам демилгечилеринин бири депутат Өмүрбек Текебаев, энергетикадагы мамлекеттик башкаруунун натыйжасыздыгы, коррупциянын күч алышы, энерго сектордун эскилиги жеткендиги жана атаандаштыктын аздыгы энергетика тармагын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жатат деп эсептейт. 

Айтымында жаңы мыйзамга ылайык, өлкөнүн энергетика тармагына кызыкдар болгон бардык компаниялар элге сапаттуу жана арзан электр энергиясын жеткирүүгө катышып, салым кошо алышат. Аларга Кыргызстанда бир нече чакан ГЭСтерди куруу сунушталып, анын негизинде өлкөдөгү электр энергиясынын наркын төмөндөтүүгө жол ачылышы керек.