Бул тууралуу бүгүн “Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңеш кезектеги жыйынында эксперттик жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов “Биринчи радиого” билдирди. Жыйынга Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов баштаган бийлик өкүлдөрү, министрлер, депутаттар жана эксперттер катышты. Бул ирэт Кыргызстандагы сот тармагындагы реформанын жүрүшү жана тиешелүү мыйзам долбоорлору талкууга алынды. Эксперттик топ сот акыйкаттуулугун жакшыртууга багытталган 20 ашуун мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдү киргизүүнү жана жаңы мыйзамдарды сунуштап жатат.
Ал эми Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Чынара Мусабекова сотторду тандоо сынагынын бир катар талаптары өзгөрөт деп билдирди. Маселен талапкерлерге беш жылдык стажы болсун деген талапты жою керек. Бирок ошол эле учурда, талапкерлердин толук юридикалык билими жана жогорку билими болушу зарыл.
Соттор кеңеши 2012-жылы негизделген. Ага президент өзү төрагалык кылат.