Орусияда жасалма документ даярдап берип жүргөн кыргызстандыктар кармалды
Новость http://gorodkirov.ru

Орусияда кыргыздарга жасалма документ даярдап берип жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Аскат Алиев “Биринчи радиого” билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилигинен алыс эмес жерде жайгашкан кеңселердин биринде жасалма документтерди жасоо жана берүү менен алектенип, анын ичине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн документтерин, туулгандыгы тууралуу күбөлүкө кошо берилчү тиркеме, нотариалдык документтер, мекенге кайтуу күбөлүгү жана башка документтерди да жасап келген.

Жасалма документтердин кесепетинен кыргызстандыктар гана эмес, башка КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да жабыр тартышып, административдик айыпка жыгылып, депортация жана “кара тизмеге” түшүүгө дуушар болушкан.