POST1RIGHT
Бүгүн Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү күнү. Бул датага карата Бишкек шаарында "Аскердик каармандык" монументинин жанында 1999-2000-жылдарда өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерген митинг-реквием өттү.
Жыл сайын 26-октябрь күнү Баткен окуясында каза болгон жоокерлер Кыргызстандын бардык аймактарында эскерилет.
1999-жылдын август айында Зардалы тоолорунда өзбек, тажик жана араб тилдеринде сүйлөгөн куралчандар пайда болот. Ал учурда Кыргызстан армиясы каралбай калган. Курал-жарак жетишсиз болчу. Баткен окуясы республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон.
Өзбекстан ислам кыймылы Зардалынын 3 айылын басып алат. Кыргыз чалгынчылары экстремисттик топтун мүчөлөрү Афганистанда, Тажикстанда согуштук даярдыктан өтүшкөнүн аныкташат. Басып киргендердин курал-жарагы да мыкты болгон. Ошондой болсо да, кыргыз жоокерлери душмандын мизин кайтара алган.
Баткен окуясында эл-жерди коргоого 6 миң жоокер барган болсо, алардын 50дөн ашыгы мекен үчүн курман болушкан. Андан бери 18 жыл өттү. Жыл сайын 26-октябрь күнү Баткен окуясында курман болгон жоокерлери эскерилет. Бул жолу да Бишкек шаарында “Аскердик каармандык” монументинин жанында митинг-реквием болду.
Мамлекет Баткен окуясынын катышуучуларына ай сайын миң сомдон жөлөк пул төлөйт. Ал эми жарат алып, дайыма дарыланып тургандары 7 миң сомдон алышат. Мындан сырткары, бир топ жеңилдиктер каралган. Азыр ардагерлерге берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү аракеттери жүрүп жатат.