Быйыл Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү 3 чакырым аралыгы жаңы асфальт менен капталды. Шаар тургундарынын айтымында,буга чейинки абалы начар жолдордо жүрүү кыйын болуп келген.
Жергиликтүү эл жол жаңы салынгандан тарта эл түйшүгү акырындык менен жеңилдеп баштады дешет. Жаңы асфальт жолдон сырткары учурда шаардын 1 чакырымга жакын тротуары оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Жолдорду жакшыртууга жумшалган акча каражат республикалык бюджеттен каралган. Ал эми Токтогул шаарынын мэриясы быйылкы жылдын эсебинен 500 миң сом каражатка жаңы конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөгөн. Жалпы Токтогул шаары боюнча 90дон ашуун чоң жана кичине көчөлөр бар.