Өз убагында төлөм жүргүзбөгөндөрдүн электр жарыгы дистанциондук башкаруу аркылуу өчүрүлдү
Новость www

“Түндүк электр” ишканасы өз убагында төлөм жүргүзбөгөн 1 миң 800 абоненттин электр жарыгын дистанциондук башкаруу аркылуу өчүрдү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, жалпы карыздардын суммасы 8,5 миллион сомду түзгөн. 

“Акылдуу” эсептегичтерге кошулган керектөөчүлөр карызын толук төлөөрү менен ал билдирме ишкананын маалымат базасына дароо келип, электр жарыгы кайрадан берилет.