Жалал-Абадда жаңгак түшүмү быйыл орто болду
Новость POST1RIGHT

Соңку жылдары Кыргыз жаңгагы өзүнүн уникалдуулугу жана экологиялык табигый тазалыгы менен чет өлкөгө таанылып келүүдө. Ал эми адистер быйылкы жаңгактын түшүмдүүлүгүн орто деп баалашууда. Учурда Жалал-Абад облусунда жаңгак терими 80-90 пайызга аяктап калды.

Терим башталгандан бери Кара-Алма токоюнда жаңгак терип жүргөндөрдүн бири Гүльмира Нукеева. Өзүнүн ижарага алган 5 гектар жаңгак аянтын бир сыйра терип бүткөн. Азыр эми калган-каткан жалбырак менен кошо түшкөн жаңгактарды терүүдө. Ушул учурга чейин үй-бүлөсү менен 2 тонна жаңгак теришкен. Гүльмира Нукееванын айтымында,жаңгак терим кар түшкөнгө чейин улана берет.

Ал эми Кара-Алма токой чарбасында 4миң 800 гектар жаңгак аянты бар. Бул токой аянт жалпы 662 жаранга,тактап айтканда,ар бир ижарачыга 5 гектарга чейин бөлүнүп берилген. Ижарчылар болсо гектарына жыл сайын 1200 сомго чейин төлөп турушат.

Кара-Алма айыл өкмөтүндө 4 миңге чукул жашоочу болсо,алардын бардыгынын жашоо тиричилиги токойчулук менен тыгыз байланышат. Жайытсыз жана дыйкачылык аянттары жок токойчулук менен жашоо тиричилик өткөргөн айылдар Жалал-Абад облусунда арбын.Жалпысынан облус боюнча 936 миңден ашуун токой аянты болсо,анын 35 миң гектарын жаңгак аянты ээлейт. 

Ижарачылардын саны 7 миңге жетет. Жыш жаңгак аянттар, Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда жайгашкан. Ал эми адистер быйылкы түшүмдүүлүктү 60 пайыз деп баалашууда. Анткени май айындагы жамыр аралаш жааган кардын кесепети түшүмдүүлүккө залакасын тийгизген.