Шамалдын кесепетинен Бишкектин борбордук бөлүгү жарыксыз калды
Новость KTRK/videograp

Шамалдын кесепетинен Бишкектин борбордук бөлүгү жарыксыз калды. Таңга жуук 05:40та болгон катуу шамалдын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн чатыры жогорку вольттогу “Пенько-Джутовая” көмөкчордондун күч трансформаторуна кулап түшкөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Натыйжада Ибраимов, Жумабек, Сүйүмбаев, Чоң Чүй, Москва жана Гоголь көчөлөрүндөгү электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. 

Ал эми саат 06:10до керектөөчүлөр электр энергиясынын башка багыттан келген булактарына кошулду.