Бишкекте 6 күн көкүрөк рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлөт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTБишкекте алты күн бою көкүрөк рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 21-октябрда дүйнөдө көкүрөк рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет. 

Буга байланыштуу 16-21-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун бейтапканасында жана Маммологиялык борбордо ачык эшик күндөрү өтөт. Кабыл алуу убактысы — 9.00дөн 14.00гө чейин.

Бул күндөрү аялдарга дартты өз алдынча аныктоо боюнча маалымат берилет. Текшерүү акысыз.