БШК Өмүрбек Бабановго Ошто сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди
Новость www

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурмунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун,   Он-Адыр айылында эл менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди. POST1RIGHT

Эске сала кетсек  талапкер Бабановдун  28-сентябрда Оштун Он-Адыр  айылынын тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек улуттарынын  ортосунда  чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген чочулоолор айтылган эле. 

БШК келип түшкөн  80ге жакын арыз-даттануулардын көбү дал ушул маселе боюнча жызылганын БШК мүчөлөрү жана көз карандысыз  эксперттер буга чейин белгилешен.  Ушуну менен  президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов үчүнчү ирет эскертүү алды.