Кыргыз-Түркмөн алакасына 25 жыл
Новость www.

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алаканын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашты. 

Анда мамлекеттер ортосундагы чейрек кылымдан берки алака убакыт өткөн сайын күчөп баратканы айтылып, ысык мамиле эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да уланаары жазылган. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев эки тараптуу жогорку даражадагы расмий сапарлар мамлекеттер арасындагы алаканы дагы чыңдай турганын билдирди. 

Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн-кыргыз экономикалык алакасы динамикалык түрдө өсүп бара жатканын ошондой эле маданий жана илимий тармакта дагы байланыш кеңейгенин белгилеген. Бердымухамедов эки өлкө ортосундагы алаканы мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, кыргыз элине бакубат жашоо каалаган.