Бишкектин түштүк-батыш бөлүгү жарыксыз калды. "Түндү электр" ишканасынан билдиришкендей, Улуттук электр тармагынын жогорку вольттогу “Айни" көмөк чордонунун жабдуулары зыянга учурап, 6-октябрда, ордо калаанын Жал кичи району жана Чыңгыз Айтматов проспектиси, Гагарин, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген чарчы аймак электр энергиясыз калды.
Учурда жогорку вольттогу “Айни” көмөк чордонун калыбына келтирүү иштери уланууда.
Эске салсак, бейшемби күнү саат бештер чамасында "Жал" кичи районундагы трансформатордон өрт чыкканы тууралуу маалымат тараган. Анын кесепетинен жогоруда аты аталган көчөлөрдө электр жарыгы өчүп калган.