Үч фазалуу жабдууларды колдонууга чектөөнү алып салуу каралууда
Новость KTRK/videograp

Элге жылуулук үчүн электр энергиясын пайдаланууга уруксат берели деген токтомдун долбоору өкмөткө берилди. Улуттук энергохолдинг билдиргендей, суук мезгилде турак жайларды жылытуу үчүн электр энергиясын колдонууга өлкөнүн энергетика тармагында толук мүмкүнчүлүгү бар. Буга "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы линиянын ишке кириши жана Токтогул суу сактагычына чогулган мол суунун көлөмү жол берет. 

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 млрд куб метр. Энергиянын негизги булагы болгон суунун көптүгү жана "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы линиянын ишке кириши электр энергиясын кенен пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. POST1RIGHT

Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг турак жайларды электр энергиясы менен жылытууга берилүүчү чекти дагы 10% көбөйттү. Ошондой эле техникалык шартка байланыштуу электрди жылуулук үчүн пайдаланууга чектөө киргизген өкмөттүн 2015-жылдын 12-октябрында кабыл алган токтомун жокко чыгаруу боюнча сунуш берилди.

2014-жылы кыргыз өкмөтү электр энергиясын үнөмдөө максатында электр энергиясын турак жайларды жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салып, үч фазалуу жабдууларды колдонууга чектөө салган. Жеке турак үйлөргө үч фазалуу электр жабдуусун орнотууга убактылуу мораторий киргизилген. Ошол жылы күзүндө Токтогул суу сактагычында 13 млрд. 698 млн. куб метр суу топтолгон болчу.

Чектөөнү алып салуу боюнча Улуттук энергетикалык холдинг менен биргеликте өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети берген сунуш азырынча өкмөттүн кароосунда. Чечим кабыл алынып, тиешелүү жарлык чыгаары менен токту бөлүштүргөн ишканалар аны аткарууну баштайт. Бирок бул ар бир жарандан кабыл алынган арыздын негизинде гана ишке ашат.