"Дебаттар-2017": дебаттардын алгачкысы башталды
Новость

POST1RIGHT

Кыргыз Республикасынын президенттик кызмат ордуна расмий катталган 13 талапкердин дебаттарынын алгачкысы башталды. 

Бүгүнкү түз эфирде өткөн дебатка Адахан Мадумаров жана Азимбек Бекназаров катышты.

Маалым кыла кетсек, 4-октябрда боло турган дебатка Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов катышат.

Эске сала кетсек, талапкерлердин жеке кайрылууларынын жана дебаттардын убактысы, ким - кимге туш келээри чучукулактык негизде аныкталган.