Шайлоодон баш тарткан талапкерлердин шайлоо күрөөлөрү кайтарылып берилди
Новость www

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына болгон ат салышууда каттоодон баш тартылган талапкерлер Турсунбек Акун, Кубан Чороев, Акматбек Келдибеков, Канат Исаевдин жана Исхак Масалиевдин шайлоо күрөөлөрү кайтарылып берилди. 

Бул маселе БШКнын кезектеги жыйынында каралып, катталбай калган талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү маселеси БШКнын мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.