Өлкө аймагында жакынкы күндөрү күтүлүүчү аба ырайы
Новость www.

POST1RIGHT

КР ӨКМнин басма  сөз кызматы маалымдагандай,  3-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

4-5-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
 

6-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.