Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Новость www

POST1RIGHTАфганистандын Памир аймагында жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жүктү жеткирүү боюнча Өкмөттүн буйругуна 7-сентябрда кол коюлган. Кичи жана Чоң Памирге 9 оор жүк ташуучу унаа, 1 күйүүчү май ташуучу унаа жана 1 тез жардам кызматынын унаасы бет алды. 

ӨКМ кабарлагандай, автокербенге товардык-материалдык баалулуктар жүктөлүп, экспедиция мүчөлөрүнүн коштоосунда Ош шаарынан чыгып кетишти. Өткөн жылы күзүндө памирликтерге азык-түлүк, кийим-кече, жууп-тазалагыч каражаттар жана дары-дармектер жөнөтүлгөн болчу.