Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан ырчы Омар катышып жатат. Бул тууралуу ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева кечээ Фейсбук баракчасына билдирди.
Сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулат. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышат.