6 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан изралидик турист Хилла Ливненин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматта айтылгандай, турист кыз аскадан учуп кеткен. POST1RIGHT
Анын сөөгү Сары-Челек коругунун аймагында, бирок координаты так аныктала элек. Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районунда израилдик турист кыз 23-сентябрь күнү жоголуп кеткен.
Анын кабарсыз кеткени тууралуу маалымат ӨКМге шейшемби күнү түшүп, аталган аймакка 10 куткаруучу жиберилген. Ал эми турист менен чогуу жүргөн шериги 24 жаштагы Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап, бутун сындырып алган.
Ал Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандын туристтик фирмасы менен 24-сентябрь күнү байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. Аны Аркыт айылында туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар 25-сенбярь күнү гана табышкан.