Ордо калаада жылуулукту өчүрүү маселеси мамлекеттик мекемелердин чогушулунан кийин чечилет. Бардыгы аба-ырайына байланыштуу болоорун мэрия маалымдады.
Эртең жылуулук берүү борборунда мэрия, энергохолдинг, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, кыргызгидрометтин өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык штабдын отуруму болот.
Анда жылуулукту берүүнү токтотуу же токтотпоо маселеси чечилет. Чечим аба-ырайына карата кабыл алынат. Эгерде эртең өчүрүү тууралуу чечим кабыл алынса, жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу буйрук чыгат.