Бишкекте жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды
Новость gov.kg

 POST1RIGHTБишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүнүн аймагында перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушуна капсула салуу иш чарасы өттү. 

Борбордун пайдубалын түптөө салтанатына премьер-министр Сапар Исаков, Германия Федеративдик республикасынын Кыргызстандагы элчиси, Немис өнүктүрүү банкынын жана эл аралык донор мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Перинаталдык борборду куруу Кыргызстан менен Германиянын өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда. 

Ага ылайык борборду куруу жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо Германиянын өкмөтү тарабынан каржыланат жана акча каражаты кайтарымсыз негизде берилүүдө. Өз сөзүндө өкмөт башчы Сапар Исаков эне жана баланы коргоо өкмөт жүргүзүп жаткан саясаттын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.