"Шанхай деми-2017" аталышындагы фестиваль өтөт
Новость

Бишкекте 28-30-сентябрь күндөрү "Шанхай деми-2017" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.

Белгилүү болгондой, фестивалдын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн салт-санаасы, маданияты жана үрп-адаты менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, кино, театр жана живопись тармагындагы жаңылыктар элге тартууланат.

Фестивалдын расмий ачылышы 28-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.