Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында бильярдчы Ызатбек Ратбеков жана спорт бийи боюнча жуптар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей алтын медаль алышты.
Ошентип кыргызстандыктардын байге куржуну дагы эки алтын менен толукталып, жалпы жонунан медалдардын саны 61ге жетти.