POST1RIGHT
Премьер-министр Сапар Исаков эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт. Анын алкагында өкмөт башчы облусттагы табигат кырсыгынан жабыр тарткан аймактарында болуп, социалдык жана билим берүү объекттерин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көрдү.
Ошондой эле, Сапар Исаков Ош мамлекеттик университетиндеги медициналык лабораторияга барып, студенттер менен жолугушат, андан соң Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” цемент заводунун ишмердүүлүгү менен таанышат.
Өкмөт башчы сапар алкагында Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун базарларына барып, аталган райондордо жашаган бир нече үй-бүлө менен жолугушат.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"