Бишкектик Айдана Шатемирова Россиядагы телеканалдын «Сен мыктысың! Бий» долбоорунда талантын көрсөтүп, 2-турга өттү.
Маалым болгондой, долбоор башка бирөөнүн багуусунда болгон балдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү максатын көздөйт. Кароо-сынактын тандоо туруна 13 мамлекеттин: Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекистан, Украина жана Абхазиянын жаш бийчилери катышкан.