Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиард 630 миллион куб метрге жетти. Бул суу сактагыч курулгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Муну менен электр жарыгы көп өндүрүлүп, кышында көйгөй болбойт. Кышка камылга кандай? MEDIA1LEFT
Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого 3 жылдан ашуун убакыт сарпталды. Тыным албай иштеп келген борбор толук жаңыланды. Ал эми электр жарыгын өндүрүүдө керек болгон суунун көлөмү эң жогорку чекке жетти. Бул ички муктаждыкты гана жойбостон, экспортко да мүмкүнчүлүк ачууда. Кышка даярдык белгиленген 15-октябрга чейин толук бүткөрүлөт.
Жылуулук борборунда көмүр жетиштүү. Ал эми жалпы өлкө боюнча абал кандай? Учурда бир тонна кара алтындын орточо баасы 3 миң сомдон. Адистер көмүр тартыштыгы болбойт деп ишендирүүдө. Бирок, далдалчылар абалды оорлотушу мүмкүн. Андыктан кыштын камын жайда көрүү зарыл.
Көмөк чордондор, аба чубалгылары тынымсыз оңдолууда. Бул кышында боло турган авариялык өчүрүүлөрдү ботурбоого көрүлгөн чара.
Жакынкы күндөрү жаңы курулган “Орто сай” жана “Спорт” көмөк чордондору ишке берилет. Ал эми “Түндүк” жана “Бишкек” көмөк чордондору ноябрь айында иштей баштайт.