Түтүнгө ууланган үй ээси ооруканага жеткирилди
Новость http://media.publika.md

Токмок шаарында отко болгон этиятсыз  мамиледен улам  көп кабаттуу турак үйдүн 14  тургуну жабырланышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма  сөз  кызматынан билдиришкендей, окуя 7-март  күнү катталган.  Шаардагы Шамшинская көчөсү № 4-үйдүн  54-батири толугу менен күйүп, түтүнгө  ууланган үй ээси ооруканага жеткирилди. Мындан сырткары,  53-батирдин кире бериш эшиги күйүп, жогоркукабаттардан 11 адам, 2 бала эвакуацияланган.Кырсыктын себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык экендиги айтылууда.