24-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы диний аалым, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун президенттикке талапкерлердин биринин пайдасына үгүт жүргүзгөнү боюнча арызды карады. POST1RIGHT
Жыйында Чубак ажы талапкердин Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуусуна конок катары барганы, аны иш-чаранын уюштуруучусу, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чакырганы айтылды.
Талаш-тартыштардан соң жыйынтыгында Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди. Ошондой эле БШК өзүнүн токтому менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга бардык диний конфессиялардан үгүт иштерине катышпоосун талап кылган кайрылуу жибермей болду.