Кыргызстандыктар бий боюнча жарышта Эстонияда экинчи орунду ээледи
Новость

Эстонияда өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык жарышта кыргызстандыктар экинчи орунду ээлешти. Бул туурасында КРдин спорттук бийлер боюнча федерациясынан билдиришти. 

"WDSF International Open taken place in Tallinn — 2017" деп аталган иш-чарага Кыргызстан, Австрия, Германия, Польша, Израиль, Франция жана Россия сындуу 15 өлкөдөн 43 жуп катышкан.

Жарышта КРдин Спорттук бий боюнча федерациясынын бийчилери чоңдордун латын бийи категориясында бийчи-спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко экинчи орунду камсыз кылган.