Орусиялык рэпер Тимати Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен биргеликте тез татым тамактарын даярдап жаткандагы сүрөт, видеолору Инстаграм баракчасына тарады. Маалыматта жазылгандай, ырчы менен президент биргеликте Грозный шаарында ресторан ачышкан.
Ресторандын ачылыш аземине миңдей тургун келип, аларга тез татымдар акысыз таратылган.
1000ге жакын бургер жасап элдерге дамдуу жана жагымдуу маанай тартуулашты.