Назира Айтбекова: "Жолдошум үйлөнгөн. Өз жашоосу менен алек"
Новость

Кыргызстандын күчтүү жараны, белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова ийгилик сырлары тууралуу айтып берди.

Көздүү мончок жерде калбайт экен

Негизи киного тартылууга режиссерлор өзүлөрү чакырышат. Буга чейин жети фильмге тартылдым. Киного бала кезимден бери эле кызыгып жүрчү элем, сунуштарды кубануу менен кабыл алам. Биринчи тартылган кинодо абдан берилүү менен ойнодум. Азыркыга чейин көрүлүп, казак тилине да которулуп, ал жерде да көрсөтүлүп жатат.

Долбоорлордун үстүндө иштеп жатканда график ушунчалык жыш болот. Мисалы «KG Тайды» тартып жатканда 24 берүүнү 3 күндүн ичинде тартып бүтчүбүз. Ушул сыяктуу эле долбоорлорду бир жумада тартып бүткөн күндөр да болот. Мындай учурда 3 күн катуу кыйналганың менен бир жыл жакшы эс алып аласың. Ошондуктан башка долбоорлорго катышканга убакыт кенен болот. Бирок долбоорлордун баарына эле катыша бербейм. Бири менин мүнөзүмө туура келбесе, бири жашоодогу принциптериме каршы келип калат. Ошондуктан айрым долбоорлордон баш тартууга туура келет.

Чет өлкөдө эмгегиңди жогору баалап, гонорарыңды ойдогудай төлөп беришет

Казакстандагы фестивалды алып барууга ал жерден сунуш түшүп, Кыргызстандагы маданият өкүлдөрүнүн аттуу-баштуу инсандарынан сурашканда мени айтышыптыр. Ошентип эки жылы катары менен алып барып калдым.

Фестивалды чет тилдерде алып баруу керек болгондуктан башында бир аз толкундоолор болот. Бирок элдин алдына чыккандан кийин ал нерсе жоголуп кетет. Анткени мен сахнага чейин деңизден сүрүлүп калган балыктай болсом, элдин алдына чыкканда деңизге кирип кеткендей сезилет. Сахнадан кеткенден кийин деле ал сезимдердин курчоосунда көпкө чейин жүрө берем.

Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү фестивалдардын уюштуруу жагында абдан айырмачылык бар. Мисалы Казакстандагы фестивалдарды алып барганда менин бут кийимимден баштап ичкен тамагыма чейин көңүл бурушту.

Чет өлкөлүктөр менен иштешкенде чоң гонорар алам. Ал эми Кыргызстандагы долбоорлордо чоң каражат талап кыла албайсың. Анткени ар кимдин көңүлүн карап баа бычасың, тааныш, дос-тууган бар дегендей. Кээ бирлерине бекер эле иштеп берип да коесуң. Ошондой эле экономикага жараша болсо керек.

ТРТ Аваз түрктөрдүн каналында 5 жылдай иштедим. «Ата журт», «Конугумуз синема», «Жаны Ата журт» сындуу долбоорлорду алып бардым. Түрктөрдүн фильмине башкы ролдордун биринде тартылдым. Түрк дүйнөсүнүн журналисттеринин мүчөсу, Түрк калктар конгрессинде да жүрүп, бир топ конференцияларга катышып, модераторлуктуда аркалап калдым. Алардын жардамы менен көп өлкөлөрдү кыдырып келдик. Айтор, ошол жакка ооп, бир бутум ал жакта. Бирок кызматым дайым кыргыз эли үчүн.

Тегерегимдеги айтылган сөздөргө бышып, күчтүү болдум

Тегеримдеги айтылган сөздөргө бышып, күчтүү болдум. Ар ким ар кайсы жагынан майып болот. Барынан да жан дүйнөсүнөн майып болгондорго таарыныштын кереги жок. Анткени алар кандай болсо ошондой. Көкүрөгүндө көрөңгөсү бар адамдар менен баарлашканда кайсы жерде жаза басып ката кетиргениңди билип, ошого жараша түздөнөсүң. Ал эми көкүрөгү көр адамдарга маани берүүнүн кажети деле жок.

Саргара жортсоң кызара бөртөсүң

Былтыркы парламенттик шайлоодогу үгүт иштеринде мага сунуш түшкөндө элди ойлоп баш тартып койгом, бирок эл мени ойлобой добушун беш жүз сомго сатканын угуп ыза болгом. Бирок быйылкы президенттик шайлоодо иштеген жокмун. Эл аралык фестивалдарга кетүүм күтүлүп жатат.

Акыркы парламенттик шайлоодо мени партиялар чакырышты. Тизмедеги алдыңкы орундарды жана башка жакшы шарттарды сунушташты. Бирок абдан кылдат ойлонуп баш тарттым. Анткени өзүмдү ага даяр эместей сездимби же ал тармакка кызыкпагандыктанбы баш тартып койдум. Анын үстүнө азыр өзүмдү дагы деле чийки деп ойлоймун.

Жеке жашоо

Уулум Ариет - жашоомо келген өзгөчө белек. Кулк-мүнөзү, сырткы келбети баары эле мага окшош го дейм. Ашыкча боорукер, берешен. Үйдө эмне болсо, досторуна ташыйт. Элдин баарын эле досум деп жан дүйнөсүнө киргизе берет. Апам карып кетпесин деп, жаштыктын эликсирин жасап берем дейт. Элди башка планетага көчүрүш керек. Бул планета жараксыз болуп калат дейт. Мурун жалгыз кыялданчумун . Азыр балам экөөбүз чогуу кыялданып, айтор дүйнөгө чабыт жасадык.

Жолдошум үйлөнгөн. Оз жашоосу менен алек. Балам экөөбүз бакыт гана тилей алабыз. А өзүмө келсем...бир көңүл калган сон, турмуш жаңыртыш кыйын болуп калат экен. Сүйгөндөн, ишенгенден, турмуш кургандан корком. Анын үстүнө жаратым айыга элек.

Булак: "bugupress.kg"