Ботаникалык бактын жетекчиси кызматынан бошотулду
Новость www

Медет Ахматов Улуттук илимдер академиясынын Гареев атындагы Ботаникалык багынын директорунун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. POST1RIGHT

Мындай чечимди премьер-министр Сапар Исаков Ботаникалык бакта бир нече жолу чыккан өрттүн себептерин аныктоонун жыйынтыгында кабыл алды. 2017-жылдын июль-август айларында Ботаникалык бактын аймагында 8 жолу өрт кырсыгы катталган. 

Ага сырттан өткөн адамдардын тамеки калдыктарын таштап, жоопкерчиликсиз мамиле кылганы себеп болгон. Буга чейин МамЭкотех инспекциясы бактар убагында сугарылбагандыктан, алар кургап калып, куураган бактардын жалбырактары убагында тазаланган эмес деп, бир топ коопсуздук чаралары боюнча бир нече көрсөтмө берген. Бирок мекеменин жетекчилиги талаптарды толук аткарган эмес.