Орто Азиядагы мюзикл Кыргыз өлкөсүндө тартылууда (Фотобаян)
Новость

Орто Азия боюнча мюзикл жанрындагы биринчи тасма Кыргыз өлкөсүндө тартылууда. "Дарак ыры" аттуу мюзикл эл назарына болжол менен 2018-жылы тартууланат. Бул тарыхый мюзиклдин жаратуучусу жаш режиссёр Айбек Дайырбеков.

Тартуу иштери Ысык-Көл облусунун жаратылышы кооз аймактарында өткөн. Мюзиклдин негизин кыргыз элинин XVIII кылымдагы тарыхы, жашоо турмушу, салт санаасы түзгөн. Тасма үчүн эки жүздөн ашуун кыргыздын улуттук кийимдери тигилген. Мындан сырткары мюзиклда колдонулган бардык музыкалык композициялар атайын тасма үчүн жазылган